Вьетнамдын түндүк жана борбордук бөлүгүндөгү суу ташкыны жума күнгө карай кеминде 54 адамдын өмүрүн алды. Дагы кырктай кишинин тагдыры али белгисиз. Бул тууралуу өлкөдөгү табият кырсыктарын алдын алуу боюнча борбордук комитет маалымдоодо.
Өлкөдө өткөн жума аягынан бери кара нөшөр тыйыла элек. Ошондон пайда болгон суу ташкынынан 300 ашуун үй жексен болуп, 34 миң курулуш жабыркады. Андан тышкары 22 миң гектар күрүч талаасы суу алдында калып, 180 миң баш мал өлгөнү кабарланды.
Жыл сайын нөшөрлүү жамгыр сезонунда вьетнамдыктар жабыр тартышат. Өткөн жылы табият апаатынан 200 чамалуу кишинин өмүрү кыйылган. Бирок бул жылкысы өзгөчө каардуу деп бааланууда. Синоптиктердин маалыматы боюнча өлкөнүн деңиз боюндагы аймактарына тропикалык бороон-чапкындын жаңы эпкини жакындоодо.