Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:24

Ыйык Елена аралындагы аэропорт алгачкы жүргүнчү учагын кабыл алат


Ыйык Елена аралына сүргүнгө айдалган Наполеон Бонапарт

14-октябрда Ыйык Елена аралындагы аэропортко алты сааттык учуудан кийин түштүк африкалык SA Airlines аба компаниясынын учагы Йоханесбургдан келип конот.

Төрт миңдей жашоочусу бар аралга мындан ары жумасына бир ирет жүргүнчү учагы каттап турат. Аба майданы британ өкмөтүнүн каржылоосу менен туристтерди тартуу максатында курулган.

Аралдагы туристтерди кызыктыруучу негизги жер - Франциянын 18-кылымдагы императору Наполеон Бонапарт жашаган үй. Наполеон бул аралга сүргүнгө айдалып, 1821-жылы өлгөн.

Аэропорт курулганга чейин эң жакынкы континент Африкадан эки миң чакырым аралыкта жайгашкан аралга деңиз аркылуу гана жетүүгө мүмкүн болчу. Кейптаундан аралга чейин британиялык почта кемеси каттап турган. Келерки жылдын февраль айынан тарта кеме каттамы токтойт.

XS
SM
MD
LG