Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:52
Сооронбай Жээнбеков шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккандан кийинки маалымат жыйынында тарапташтары менен. 15-октябрь, 2017-жыл
Сооронбай Жээнбеков шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккандан кийинки маалымат жыйынында тарапташтары менен. 15-октябрь, 2017-жыл

Шайлоодо Жээнбеков алдыга чыкты

Кыргызстанда 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу добуштар саналууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматына караганда, добуш берүүлөргө 1 миллион 690 миңден ашуун шайлоочу келди. Шайлоого катышуу 55, 93 пайызды түздү.

Акыркы алдын ала эсептер боюнча талапкерлердин арасынан КСДП көрсөткөн экс-премьер-министр Сооронбай Жээнбеков алдыда баратат. Ага шайлоого катышкан элдин 917 миңден ашууну добуш берген, бул 54 пайыздан ашык көрсөткүч.

Ал эми шайлоодогу анын башкы атаандашы, парламенттеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов экинчи орунда. Ал 564 миңден ашуун добуш топтоп, 33 пайыздан ашуун добушка ээ болду.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров 108 миңден ашуун же 5 пайыздан ашык шайлоочунун добушу менен үчүнчү орунга чыкты.

«Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев 3 пайызга жакын добуш менен төртүнчү орунда турат.

Дагы бир талапкер Таалатбек Масадыков 10 миңден ашуун шайлоочунун добушу менен бешинчи катарда.

Улукбек Кочкоровго берилген добуштар 0, 55% же 8 миңден ашканы Боршайкомдун сайтындагы электрондук эсепте көрсөтүлүп турат.

Азимбек Бекназаровго 0.16%, Арстанбек Абдылдаев 0.12%, Арсланбек Малиев 0.1%, Эрнис Зарлыков 0.09%, Токтайым Үмөталиева 0.09% добуш алса, шайлоочулардын 0.69 пайызы баарына каршы болгон.

Шайлоодо 11 талапкер ат салышты. Биринчи турда жеңип чыгуу үчүн талапкер шайлоого катышкан элдин 50 пайыздан ашыгынын добушун алышы керек.

Ал эми аймактар боюнча алганда Бабанов менен Жээнбеков төмөндөгүдөй добуш алган.

Чүй облусу: Бабанов — 50,92%, Жээнбеков — 37,26%

Талас облусу: Бабанов 85,55%, Жээнбеков — 12,77%,

Ысык-Көл облусу: Жээнбеков — 50,7%, Бабанов — 42,26%,

Нарын облусу: Жээнбеков — 56,05%, Бабанов — 36,84%,

Жалал-Абад облусу: Жээнбеков — 59,35%, Бабанов — 27,83%

Ош облусу: Жээнбеков — 72%, Бабанов — 18,3%,

Ош шаары: Жээнбеков — 72,3%, Бабанов — 18,73%,

Баткен облусу: Жээнбеков — 57,39%, Бабанов — 20,53%.

Шайлоонун жыйынтыгы улам жаңыланууда.

11:38 16.10.2017

КМШ байкоочулар миссиясы: Шайлоо дээрлик таза өттү

КМШ байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы президенттик шайлоо дээрлик таза өттү деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн КМШ байкоочулар миссиясынын төрагасы Сергей Лебедев Бишкекте маалымат жыйында билдирди.

Байкоочулар Кыргызстандагы шайлоодо жылыш болгонун, КМШ өлкөлөрүндө жок шайлоо технологиялары ишке киришкенин өзгөчө баалашты.

Ошол эле учурда Сергей Лебедев айрым кемчиликтер болгонун кошумчалады:

- Биздин байкоочулар айрым участкаларда электрондук эсептөөчү үкөкчөлөр иштебей калганына күбө болду. Бирок, техникалык бузулуулар ошол замат оңдолуп жатты. Төрт участкада электрондук үкөк иштебей калгандыктан жөнөкөй үкөктөр коюлду.

КМШ байкоочулар миссиясы айрым шайлоочулар өзүн тизмеден таппай калган көрүнүштөрдү да шайлоо уюштуруудагы кемчилик катары сыпаттаганы менен ал эл аралык шайлоо тажрыйбада нормалдуу көрүнүш экенин айтышты.

Ал эми шайлоочулардын 54 пайызы добуш берүүгө келгенин жогорку көрсөткүч деп эсептөөгө боло турганын кошумчалашты.

КМШнын байкоочулар миссиясы 192 байкоочудан туруп, шайлоо күнү 1227 шайлоо участкасына көз жүгүрткөргө жетишти. Алар шайлоонун расмий жыйынтыктары чыккандан кийин өз билдирүүсүн жарыялай турганын маалымдашты.

02:14 16.10.2017

Боордош Кыргызстандын президенти болуп Казакстан менен ар тараптуу кызматташуунун маанисин түшүнгөн тажрыйбалуу саясатчы С.Жээнбеков шайланды.

00:55 16.10.2017

Сооронбай Жээнбеков: Шайлоо акыйкат өттү

Жээнбеков: Шайлоо акыйкат өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

00:43 16.10.2017

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG