Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49
Сооронбай Жээнбеков шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккандан кийинки маалымат жыйынында тарапташтары менен. 15-октябрь, 2017-жыл
Сооронбай Жээнбеков шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккандан кийинки маалымат жыйынында тарапташтары менен. 15-октябрь, 2017-жыл

Шайлоодо Жээнбеков алдыга чыкты

Кыргызстанда 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу добуштар саналууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматына караганда, добуш берүүлөргө 1 миллион 690 миңден ашуун шайлоочу келди. Шайлоого катышуу 55, 93 пайызды түздү.

Акыркы алдын ала эсептер боюнча талапкерлердин арасынан КСДП көрсөткөн экс-премьер-министр Сооронбай Жээнбеков алдыда баратат. Ага шайлоого катышкан элдин 917 миңден ашууну добуш берген, бул 54 пайыздан ашык көрсөткүч.

Ал эми шайлоодогу анын башкы атаандашы, парламенттеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов экинчи орунда. Ал 564 миңден ашуун добуш топтоп, 33 пайыздан ашуун добушка ээ болду.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров 108 миңден ашуун же 5 пайыздан ашык шайлоочунун добушу менен үчүнчү орунга чыкты.

«Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев 3 пайызга жакын добуш менен төртүнчү орунда турат.

Дагы бир талапкер Таалатбек Масадыков 10 миңден ашуун шайлоочунун добушу менен бешинчи катарда.

Улукбек Кочкоровго берилген добуштар 0, 55% же 8 миңден ашканы Боршайкомдун сайтындагы электрондук эсепте көрсөтүлүп турат.

Азимбек Бекназаровго 0.16%, Арстанбек Абдылдаев 0.12%, Арсланбек Малиев 0.1%, Эрнис Зарлыков 0.09%, Токтайым Үмөталиева 0.09% добуш алса, шайлоочулардын 0.69 пайызы баарына каршы болгон.

Шайлоодо 11 талапкер ат салышты. Биринчи турда жеңип чыгуу үчүн талапкер шайлоого катышкан элдин 50 пайыздан ашыгынын добушун алышы керек.

Ал эми аймактар боюнча алганда Бабанов менен Жээнбеков төмөндөгүдөй добуш алган.

Чүй облусу: Бабанов — 50,92%, Жээнбеков — 37,26%

Талас облусу: Бабанов 85,55%, Жээнбеков — 12,77%,

Ысык-Көл облусу: Жээнбеков — 50,7%, Бабанов — 42,26%,

Нарын облусу: Жээнбеков — 56,05%, Бабанов — 36,84%,

Жалал-Абад облусу: Жээнбеков — 59,35%, Бабанов — 27,83%

Ош облусу: Жээнбеков — 72%, Бабанов — 18,3%,

Ош шаары: Жээнбеков — 72,3%, Бабанов — 18,73%,

Баткен облусу: Жээнбеков — 57,39%, Бабанов — 20,53%.

Шайлоонун жыйынтыгы улам жаңыланууда.

00:11 16.10.2017

Президенттик шайлоодо алдын ала эсептер боюнча шайлоочулардын көпчүлүк добушу менен алдыда бараткан КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков бүгүн маалымат жыйынында атаандашы Өмүрбек Бабанов боюнча айрым суроолорго жооп берди.

"Азаттык" радиосунун "Бабановду командаңызга чакыргыңыз келбейби" деген соболуна, "андай нерсе оюмда да жок" деди.

Журналисттердин "коррупцияны Бабановдон баштайм дедиңиз эле" деген суроосуна комментарий берүүдөн баш тартып, "аны силерге эмес, өзүнө айтайын, артынан айтканым туура эмес болуп калат" деп жооп кайтарды.

Бүгүнкү шайлоодо катуу атаандаштык негизинен эки талапкердин - Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун ортосунда жүрдү.

Шайлоонун алдында КТРКда 4-октябрда өткөн президенттик кызматка талапкерлердин теледебатында Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбеков кайым айтышкан.

Бабанов шайлоону утурлай адам ресурсу кайсы талапкердин кызыкчылыгы үчүн колдонулуп жатканы баарына белгилүү экенин айткан.

Сооронбай Жээнбеков "эгерде мен президент болуп калсам, Өмүрбек иним, коррупция менен күрөштү сенден баштайм" деп билдирген.

00:04 16.10.2017

00:03 16.10.2017

23:50 15.10.2017

Бул тууралуу КСДП президенттик кызматка көрсөткөн талапкер Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.

Ал шайлоо таза, акыйкат өткөнүн айтып, аны чагылдырган жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге, атаандаштарына жана башка тиешелүү тараптарга ыраазычылык билдирди:

- Шайлоо демократиялык принципте болду. Катуу атаандаштык күрөш менен таза өттү. Алты жылда абдан көп жетишкендик болду, тынчтык менен туруктуулук орноду. Менин негизги максатым - ошону бекемдөө. Алдыда көп реформалар бар. Ошону аяктап, өлкөнү өнүктүрүү менин милдетим. Мага чоң жоопкерчилик жүктөлдү, аны сезип турам.

Жээнбековдун бул айткандарын анын тарапкерлери кыйкырык-сүрөөн менен коштоп турушту.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG