Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:45

Орусия аннексиялаган Крымдын Ички иштер министрлиги "макулдашылбаган пикеттерге жол берилбегенин, 49 жаран түшүнүк кат жазганы полиция бөлүмүнө алынып келингенин жана кое берилгенин" 14-октябрда билдирди. Бул тууралуу Интерфакс жазды.

Соцтармактардагы маалыматтарга ылайык, 14-октябрда Крымдын ар кайсы аймактарында бийликтин крым татарларына карата мамилесине нааразылык пикеттери өткөн. Жарыяланган сүрөттөрдө "Менин элим террорчу эмес" жана "Крым татарлары экстремист эмес" деген жазууларды кармаган адамдар тартылган.

Айрым маалыматтар боюнча, акыркы жумаларда атайын кызматтар Крымда Орусияда тыюу салынган "Таблиги жамаат" жана "Хизб ут-Тахрир" уюмдарынын мүчөлөрү кармалганын белгилейт "Интерфакс".

Фейсбуктагы "Крым тилектештиги" баракчасында сүрөттөр менен кошо акциялардын катышуучуларынын тасмалары, кармоо учурунда өзүн кандай алып жүрүү боюнча адвокаттын кеңештери жарыяланган.

XS
SM
MD
LG