Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:18

Алмазбек Атамбаев: Ар ким каалаганын жасаган учур артта калды


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева менен чогуу Бишкектеги №5 кесиптик-техникалык окуу жайда жайгашкан шайлоо участогуна келип добуш берди. Андан кийин мамлекет башчы журналисттердин алдына чыгып сүйлөп, өлкөдө башаламандык уюштурууну максат кылган деген айып менен УКМК кармаган Шайымбетов тууралуу пикирин билдирди:

- Мурдагы депутат, ал эми ага курал алып берүүчү бир өлкөнүн мурдагы коопсуздук кызматкери. Мурунку кызматкер деген болбойт. Бул адам ар кандай оттуу жерлерде жүргөн. Биз отургузуп келгенбиз, отургуза беребиз. Ар ким каалаганын жасаган учур артта калды. Мен мурда убада бергендей, биз айрымдарын азырынча унчукпай турабыз. Бирок 1-декабрга чейин менде убакыт жетет. Шайлоо деген майрам. Мен үчүн майрам, анткени мен ушунча жылдан бери канча нервимди жана мээнетимди короттум.

Президент Атамбаев УКМК жасап жаткан иштерди "жасалма" дегендер чоң жаңылышат деп билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстанда президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин калайман башаламандык уюштуруп, административдик имараттарды басып алууну пландаган деген шек менен Жогорку Кеңештин мурда соттолгон экс-депутатын кармады. Атайын кызматтын маалыматына караганда, анын фамилиясы Шайымбетов, бирок кайсы чакырылыштагы депутат болгону так айтылган жок.

Ал соңку күндөрү өзүнүн тарапкерлери менен бирге курал-жарак издеп, президенттикке талапкерлердин бири утулуп калса бийлик имараттарын басып алууну көздөгөн деп шектелип жатат. (KE/ZKo)

XS
SM
MD
LG