Электр энергиясы толугу менен үзгүлтүксүз берилип жатканын Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев билдирди. Анын шайлоо боюнча өкмөттүк штабдагы маалымат жыйынында билдиргени боюнча шайлоо участкаларындагы урналардын иши үзгүлтүккө учураган жок. Атайын бригадалар түзүлүп, участкаларга экиден кызматкер коюлган.
- Мүчүлүштүктөрдү 5 мүнөткө жеткирбей жөнгө салууга даярбыз, - деди Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев.
Бүгүн Кыргызстанда 2375 шайлоо участогунда мамлекет башчысын шайлоо жүрүп жатат. Президенттикке 11 талапкер ат салышууда.(BzA/ZKo)