Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:15

Бул жолку чукул шайлоодо өкмөттөгү борборчул-солчул партияларга консерваторлор менен ашынган улутчул партиялар чакырык таштоодо.

Коомдук пикирди сурамжылоонун соңку жыйынтыктарына караганда, өлкөнүн 31 жаштагы тышкы иштер министри Себастиан Курздун консервативдик Элдик партиясы алдыда.

Экинчи орун үчүн болсо ашынган улутчул Эркиндик партиясы менен Социал-демократтар күрөшүүдө.

Шайлоодо биринчи орунду алары күтүлүп жаткан Элдик партиянын (OVP)лидери Себастиан Курз Австрияга иммиграцияны чектөөнү, качкындар үчүн төлөмдөрдү кыскартууну, ошондой эле башка чет элдиктер өлкөдө беш жыл жашамайынча социалдык колдоо алуусуна тыюу салууну убада кылган.

Эгер партиясы шайлоодо жеңип чыкса Курз Евробиримдикке мүчө өлкөнүн эң жаш өкмөт башчысы болот жана ашынган улутчул жана евроскептик турумдагы Эркиндик партиясы (FPO) менен коалиция курамакчы. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG