Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Шайлоо: Новосибирскте 170 жаран добуш берди


Кечки саат 16:30га карай Орусиянын Новосибирск шаарында ачылган тилкеде 170 жаран добуш беришти. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган аймактагы Кыргызстандын вице-консулу Бакыт Үмөтов билдирди.

- Албетте кечки сегизге чейин иштейбиз. Дагы добуш бергени келип жатышат. Азыркы учурга карай эреже бузуулар, арыз-даттануулар катталган жок. Новосибирск, Омск, Томск, Кемерово облустары, Алтай республикасы, Алтай крайы бизге карайт. Андагылар Новосибирск шаарына келип добуш берүүгө укуктуу - деди вице-консул.

Үмөтовдун маалыматына караганда, бул аймактарда расмий эсеп боюнча, 46 миң чамалуу кыргызстандык жашайт. Алардын 688и гана консулдук каттоодон өтүп, биометрикалык маалыматын тапшырган.

XS
SM
MD
LG