Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Ниязов: Бабанов КСДПны каржылаган эмес


Бул тууралуу Социал-демократтар партиясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысы Фарид Ниязовдун билдирүүсүндө айтылат. Анда Ниязов "президент Алмазбек Атамбаевдин шайлоо алдындагы өнөктүгүн Өмүрбек Бабанов каржылаганы тууралуу маалыматым жок. Анткени 2011-жылы мен президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабынын жетекчиси элем. Ошондуктан шайлоо фонду кайсы каражаттардан турганын жакшы билем. Бабанов бул сөзү менен дагы коомчулукту алдабасын" деп белгилейт Фарид Ниязов.

Билдирүүдө ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин 2009-жылкы президенттик шайлоого катышканы тууралуу да айтылып, анда Өмүрбек Бабанов ошол кездеги өкмөт башчы Игорь Чудинов менен чогуу республикалык шайлоо штабын расмий жетектеп турушканы белгиленген.

"Мен 2009-жылы да президенттикке талапкер Атамбаевдин шайлоо штабында иштегем жана чыныгы административдик кысымды өзүмдүн жон терим менен сезгем. Биздин үгүт роликтерибизди 1-каналдан түн ичинде гана беришчү. Жалпы Кыргызстан боюнча болгону 30 жерге үгүт баннерин илгенге уруксат берилген. Биздин штабдын кызматкерлерин күнүнө эки жолудан МАИ кызматкерлери токтотуп, текшерүүгө алып турушчу" деп билдирген Фарид Ниязов.

Билдирүүдө ошондой эле талапкер Бабановдун 15-октябрдагы маалымат жыйынында добуш сатып алуу үчүн акчаны бийликтин талапкери таратып жатат деген сөзүнө таң калганы туралуу айтылып, "Бабановдун өзүн жана анын тарапкерлерин шайлоочуларга акча таратып жатат" деген айыптоолор элден чыгып жатканы белгиленген.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов бүгүн маалымат жыйынында 2007-жылкы парламенттик шайлоодо КСДПнын штабын жетектеп, каржылаганын айткан. Ал ошондой эле президент Алмазбек Атамбаевди 2011-жылкы президенттик шайлоодо да каржылык жактан колдогонун, эч качан сатпаганын белгилеген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG