Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:55

Ооганстан бийликтери Кабулда теракттын алдын алышканын кабарлашты. Ички иштер министрлиги жардыргыч зат ташып бараткан чоң машина колго түшүрүлгөнүн, кармоо учурунда айдоочу жарадар болгонун билдирди. Жүк ташуучу машинада 2,700 килограмм жардыргыч зат табылган.

Кабул полициясынын кылмыштарды тергөө бөлүмүнүн башчымсы Мохамед Салем Алмастын айтымында, Ооганстандагы талиптер менен байланыштагы "Хаккани" тобу шаардын көп эл чогулган бөлүгүндө кол салууну уюштурууну көздөгөн.

31-майда баш калаанын дипломатиялык өкүлчүлүктөр орун алган районунда дүрмөттөлгөн оор машина жардырылгандан киийн коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Ошондо 150дөй киши мерт кеткен, жүздөгөнү жараланган. 2001-жылдан берки эң кандуу теракт үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө алган эмес.

XS
SM
MD
LG