Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Жеңилүү ызасын тарткан талапкерлер


15-октябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча ага катышкан талапкерлер өз бааларын берди.

"Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоочуларын чагымга алдырбоого, бөлүнбөөгө чакырды.

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев добуш берүүнүн жыйынтыгынан шек санабаш үчүн шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү зарыл деп билдирди.

Шайлоодо марага үчүнчү болуп келген Адахан Мадумаров добуш берүүнүн жыйынтыгына олуттуу таасир эткен мыйзам бузуулар болгонун айтып, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди.

"Кыргызстандан эч жакка кетпейм"

Өмүрбек Бабанов добуш берүүнүн жыйынтыгы элдин тандоосун көрсөттү деп билдирди. Шайлоо атаандаштык шартта өткөнү менен талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөгөнүн, административдик ресурс, каралоо, коркутуу, укук коргоо органдарынын кысымы өңдүү мыйзам бузуулар болгонун айтты:

- Мени 600 миңден ашык адам колдоду. Бул адамдар мамлекетте өзгөрүү, жаңылануу, алдыга жол болсун деп, административдик ресурстан, укук коргоо органдарынын кысымынан коркпой добуш берип, үнүн угузду. Биздин мамлекетибизде сөзсүз өзгөрүү болот. Урматтуу элим, ар кандай чагымга, ушактарга ишенбегиле. Мен эч качан бийликти басып алган эмесмин жана басып албайм дагы. Биз бул шайлоодо жеңдик, биздин жеңишибиз - элибиздин аң-сезимин өзгөрттүк.

Өмүрбек Бабанов мындан аркы кадамдары тууралуу суроолорго негизинен убакыт көрсөтөт деп учкай жооп берди. Бирок шайлоого алып чыккан программасын ишке ашырарын убада кылды. Премьер-министр Сапар Исаковдун кызматтан кетүүсүн талап кылуу боюнча талаптарынан баш тартпай турганын белгилеп, Кыргызстандан чыгып кетпей турганын убада кылды.

Бабанов шайлоодо көп добуш алган Сооронбай Жээнбековду куттуктабаганы белгилүү болду. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукканына сыймыктана турганын кайталады. Президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүлөрүн, айткандарын "анын абийирине койдум" деп жооп берди.

Өмүрбек Бабанов шайлоого өз баасын берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00

Мурдагы премьер-министр, "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев дагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган жок. Ал үч пайыздай добуш алды. Сариев 16-октябрда тараткан билдирүүсүндө шайлоочулар өз позициясын билдирип, өз талапкерине добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү деп айтты.

Бирок билдирүүдө бул шайлоо жалпысынан шайлоо системасын өзгөртүү керектиги, добуштарды сатып алуу, административдик ресурс, мамлекеттик жана жеке телеканалдар кайсы бир талапкердин гана кызыкчылыгын коргогону, каралоо добуш берүүгө таасир эткени айтылат. Мындан улам Сариев коомчулукту, саясатчыларды, президентти жана парламентти бул жагдайга көңүл бурууга чакырды жана шайлоо мыйзамдарына олуттуу өзгөртүү киргизүү керектигин айтты. Сариев командасы менен саясий ишмердүүлүктү улантарын убада кылды.

"Эл күрөшкө даяр болушу керек"

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттик шайлоодо үчүнчү болуп келди. Ага шайлоочулардын беш пайызы, тактап айтканда 110 миңге жакын жаран добуш берди.

Мадумаров үгүт иштерине дээрлик акча каражат короткон эмес. Ал бир дагы жерге үгүт-жарнак илдирген жок жана жер-жерлерде штабдар да ачылган эмес. Мадумаров шайлоону тааныбай турганын айтты:

- Мен добуштар уурдалды деп абдан терең ишенем. Азыр эми аларды ар кандай шарттар менен далилдей албайм. Мен бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбайм. Аябай катуу мыйзам бузуулар менен өттү. Шайлоонун жыйынтыгын тааныш үчүн таптакыр күмөн саналбады деген ойлор басымдуулук кылышы керек. Кыргызстандын 18ге чыккан жарандарынын баарынын шайлоого катышууга укугу бар. Орусияда 500 миңден ашуун шайлоого укугу бар жараныбыз жүрөт. Болгону 18 миң кишиге гана уруксат берген. Каттоодон өткөндөрүн дагы чыркыратып киргизбей турду. Бул мыйзам бузуу, кыргыз жаранынын конституциялык укугун тебелегендик. Көптөгөн жарандар тизмеден өздөрүн таппай калса, кантип шайлоонун жыйынтыгын таанууга болот? Экинчиден, айрыкча студенттерди "силер буга чейин добуш берип кеткенсиңер" деп киргизбей койгон учурлар болду. Ушулардын баарын көрүп-билип туруп шайлоонун жыйынтыгын тааныйм деген - бул эки жүздүүлүк, коркоктук жана туруксуздук. Бул арам көрүнүштөр менен сөзсүз күрөшүү керек. Ошол күрөшкө эл да даяр болушу керек.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Мадумаров система менен күрөшөрүн, Сооронбай Жээнбековду атаандаш деп эсептебей турганын кошумчалады.

"Жаңы доор" партиясынын лидери, президенттикке талапкер Улукбек Кочкоровду сегиз миңден ашуун адам колдоду, башкача айтканда 0,55 пайыз добуш алды. Анын пикиринде, бул шайлоо байлык менен бийликтин күчүн көрсөттү:

- Кандай шарт менен тандоо жасаса да, бул элдин тандоосу болду. Тилекке каршы, биздин шайлоолордо программалардын, идеялардын атаандаштыгы эмес, акчанын, бийликтин, административдик ресурстун, байлык менен бийликтин атаандаштыгы болуп жатат десем жаңылышпайм. Ошондуктан акча же басым аркылуубу, айтор эл тандады. "Ар бир эл өз башкаруучусуна татыктуу" деген сөз бар. Азыр кандай шарт менен тандоо болсо демек ошондой башчы келет.

Талас: шайлоого нааразылардын митинги
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:37 0:00

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы бир аптанын ичинде жарыяланарын билдирди. Добушканалардын 99 пайызынан алынган маалымат боюнча, Социал-демократтар партиясынан талапкер, мурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков шайлоочулардын 54 пайызынан ашыгыраак добушун алды.

Добушканалар жабылып, алгачкы жыйынтыктар чыккандан кийин КСДП президенттик кызматка көрсөткөн талапкер Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынында шайлоо таза, акыйкат өткөнүн айткан:

- Шайлоо демократиялык принципте болду. Катуу атаандаштык күрөш менен таза өттү. Алты жылда абдан көп жетишкендик болду, тынчтык менен туруктуулук орноду. Менин негизги максатым - ошону бекемдөө. Алдыда көп реформалар бар. Ошону аяктап, өлкөнү өнүктүрүү менин милдетим. Мага чоң жоопкерчилик жүктөлдү, аны сезип турам.

Жээнбеков: Шайлоо акыйкат өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, президенттик шайлоодо добуш берген шайлоочулардын саны акыркы эсеп боюнча 55,93% түздү. Жалпысынан каттоодон 3,025,770 шайлоочу өткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG