Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде абал өзгөргөн жок. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Чек ара кызматынан кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда, ушу тапта Чүйдөгү "Ак-Жол" өткөрмө бекетинде 500дөй адам Казакстанга өтө албай турушат.
Мындан тышкары, Чүйдөгү “Ак-Тилек” бекетинин жанында 260-280 жана Таластагы “Чоң-Капка” өткөрмө бекетинде да ошончо эле жеңил жана жүк ташуучу унаа казак тарапка өтө албай турат.
Казакстан тарапка жарандардын жана автоунаанын өтүүсү 10-октябрдан бери татаал болууда.
8-октябрда президент Алмазбек Атамбаев казак бийлигин сындап сүйлөгөн. (RK)