Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:49

Таласта митингчилер тарашты


Бабановдун штабынын жанында топтолгондор. Талас шаары 16.10.2017
Бабановдун штабынын жанында топтолгондор. Талас шаары 16.10.2017

Шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирип жана кыргыз-казак чек арасын ачуу талабы менен Талас шаарында нааразылыкка чыккандар эртеңкиге чейин тарашты. Алардын өкүлү Малик Тойгожоев "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, митинг 17-октябрда ушул эле талаптар менен уланат.

16-октябрда Талас шаарында шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондор митингге чыгышкан. Алар "Республика” партиясынын лидери, президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабановдун штабынын жанында чогулуп, андан кийин шаарда жөө жүрүш уюштурган. Бирок штаб өкүлдөрү бул жөө жүрүшкө тиешеси жок экенин билдирген.

Президенттик шайлоодо КСДП партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековго утулган Өмүрбек Бабанов бүгүн Бишкекте маалымат жыйын куруп, өз тарапкерлерин нааразылыкка чыкпоого, чагымга алдырбоого чакырды жана Таласта чогулуп жаткандар тууралуу кабары жоктугун билдирген.(AlS/ZKo)

XS
SM
MD
LG