Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

Сириянын Ракка шаары экстремисттерден бошотулду


Сирияда АКШ колдогон күчтөр Ракка шаарын “Ислам мамлекети” радикал тобунан толугу менен кайтарып алышты.

Президент Башар Асаддын өкмөтүнө каршы көтөрүлгөн "Сириянын демократиялык күчтөрү" деген топтун маалымат катчысы Талал Селло Раккадагы аскерий операция аяктаганын, бирок шаарды миналардан тазалоо уланып жатканын айтты.

Селло калаанын ооруканасы жана стадион акыркылардан болуп көзөмөлгө алынган кошумчалады.

Британияда жайгашкан Сирия Обсерваториясы уюму төрт айдан бери камоолдо турган Ракка шаары жихадчылардан толугу менен тазаланганын бышыктады. Экстремисттер халифаттын борбору деп жарыялаган шаардан кол жууп калышы алар үчүн чоң сокку болмокчу.

XS
SM
MD
LG