Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:11

АКШнын Федералдык комиссиясы медианы жаба албайт


АКШнын байланыштар боюнча федералдык комиссиясы маалымат каражаттарын лицензиясынан ажырата албайт.

Мындай укукка ээ эмес экенин аталган комиссиянын төрагасы Аджит Пай билдирип, президент Трамптын NBC телеканалын лицензиясынан ажыратуу чакырыгына жооп берди.

Дональд Трамп аталган телеканалды жалган маалымат берип жатат деп айыптаган. АКШ лидери телеканалдан "июль айында Трамп өзөктүк дараметти 10 эсеге көтөрүүнү сунуштаганы" тууралуу берилген маалыматты төгүндөп жатат.

Аджит Пайдын сөзү боюнча, АКШ Конституциясында сөз эркиндигине кысым кылууга тыюу салынган, ошондуктан, комиссия жарыяланган маалымат үчүн телеканалды жаба албайт.

XS
SM
MD
LG