Линктер

жекшемби, 16-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 18:31

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөр көбөйүшү мүмкүн


Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, кыргыз-казак чек арасындагы “Ак жол” көзөмөл-өткөрмө бекетинде 150нүн тегерегиндеги адам Казакстанга кирүүгө кезек күтүп турат.

Мындан сырткары чек арада кезек күтүп турган оор жүк ташуучу жана жеңил машаналардын саны 70ке жакын. Аталган кызматтын басма сөз катчысы Салкынай Абдыкариеванын “Азаттык” радиосуна кабарлашынча, “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 300дөй, “Чоң-Капкада” 120га чакын оор жүк ташуучу жана жеңил автоунаа, 40тай киши Казакстанга кирүү үчүн кезекте турат.

10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу чек арадагы текшерүүнү күчөткөн. Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

Мөмө-жемиш ташып бараткан ишкерлер товарлары эскирип, чыгым тартып жатканын айтып жатышат. "Азаттыктын" кабарчысы Улан Эгизбаев чек арада түнкү 11ден тартып Казакстанга өтө албай турган жарандар бар экенин билдирди.

17-октябрда кыргыз өкмөтү Казакстандын үстүнөн ЕАЭБ комиссиясына, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кайрылып, негизги макулдашуу бузулуп жатканын белгилеген. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG