Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Атамбаев кыргыз-казак алакасы жана Назарбаев тууралуу


Чек ара: тизилген унаалар, чарчаган эл
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:37 0:00

Чек ара: тизилген унаалар, чарчаган эл

Президент Алмазбек Атамбаев казак президенти Нурсултан Назарбаев жөнүндө эмоция менен айткан сөздөрү туура эмес болгонун белгиледи.

18-октябрда мыкты окуган студенттерге жыл сайын бир жолу берилүүчү стипендиялардын сертификатын тапшырган учурда президент Алмазбек Атамбаев казак лидери Нурсултан Назарбаев тууралуу мурдагыга караганда жумшак пикирин билдирди. Ошол эле маалда Назарбаевдин тегерегинде жалаң өз кызыкчылыгын көздөгөн акчалуулар отурат деп сындады:

- Биз өзүбүздүн көз карандысыздыгыбызды коргошубуз керек. Бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйдү көрүп турабыз. Казакстандын айрым жетекчилери Кыргызстандан бардык темир жол, соода жолдору Казакстан аркылуу гана өтөт деп айтып жатышат. Бул туура эмес. Кыргызстандын мурун бизге басым жасаган башка коңшулары да бар. Каримовдун тушунда түштүктө газ менен электр жарыгын жарым жылга өчүрүп коюшканы эсибизде. Бирок азыр калкынын саны Казакстандан эки эсе көп ошол эле Өзбекстан менен мамилебиз башка. Биздин Улуу Кытай жана Тажикстан менен алакабыз жакшы. Албетте, Кыргызстан өз товарын өткөрүүдө башка жолдорду, башка базарларды издеш керек. Аны табабыз деп ойлойм. Чындыгында, Кыргызстанды Орусиядан бөлүп жатышат. Менимче, Казакстандын президенти жада калса мындан шек санаган жок. Ал башка президент сыяктуу эле өзүнүн айланасындагыларга ишенет. Президент Назарбаевдин айланасында олигархтар, казак миллиардерлери. Алар Казакстан жана Назарбаев жөнүндө эмес, өз келечектери тууралуу ойлонот. Анткени алардын миллиарддаган эсептери АКШнын валюта системасы башкарган батыш банктарында. Президент Назарбаев тууралуу эмоция менен айтып туура эмес кылдым окшойт. Ал мендей эле ишенчээк.

Чек арадагы чиеленишкен абал
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

Алмазбек Атамбаев 15-октябрдагы президенттик шайлоодо ат салышкан айрым талапкерлер менен аларды колдогондордун дарегине да бир топ сын айтты:

- Мен мурдагы күн Youtube каналынан видео көрүп алып жаман кайгырдым. Таластын губернатору Дайыр Кенекеев "Манасты" алып келип окуп берем десе, жаш балдар ышкырып, бакырып окутпай койду. Аркасында ким турганын билебиз. Абыке, Көбөштүн урпактары элдин башын айлантып, Манас атанын сөзүн Таласта окутпай жатат. Таластыктар үчүн абдан уят. Дайыр Кенекеевге рахмат. Ага телефон чалып “Манастын урпагы экенсиң” деп айттым. Манастын урпактары Кыргызстанда көбүрөөк, алданып кетсе деле Таласта да көбүрөөк. Манастын урпактары, көзүңөрдү ачкыла! Манасты өлтүргөн ким экенин билесиңер, Чыңгыз хандын урпагы Коңурбай катуу жарадар кылган. Чынгызид. Монголияда аларды монгол дейт, Орусия менен Кыргызстанда калмак дейбиз. Калмак элине эч кандай каршылыгым жок, бирок бул тарых. Азыркы "чынгызиддерди" ээрчиген таластык биздин саткын адамды, жаш жигитти ээрчип Абыке, Көбөштүн урпактарын угуп, "Манас" дастанын Таласта укпайм дегендери уят. Мени укпагыла, урматтуу таластыктар! Бирок Кудай өзү кечирсин, кыргыздар үчүн Курани Каримден кийинки эле китеп "Манас". Мына, Ала-Тоо аянтында Манас атабыз, берки тарабында Чыңгыз Айтматов турат. Айтматовдун күмбөзү бүтпөй жатканда ошол Таластын байлары бир тыйын берген эмес. Мен акча таап бүтүрүп бергем. Театр болобу, башка нерсе болобу. Шекерлик, карабууралык байлар бир тыйын берген эмес. Ошолорду ээрчиген Абыке, Көбөштүн урпактары.

Атамбаев: Таластыктар, мени укпасаңар да, Манасты уккула
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

​16-октябрда Талас шаарындагы облустук бийлик имаратынын алдында шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон 500-700дөй адам митинг өткөрүшкөн. Алар менен өкмөттүн облустагы өкүлү Дайыр Кенекеев жолугушкан. Президент өз сөзүндө ушуну мисал келтиргендей.

Ошентип, президент бул жолу Кыргызстандын көз карандысыздыгы, коңшулар менен мамиле, соңку кезде чыңалып турган кыргыз-казак карым-катышына басым жасады.

Талдоочулардын пикири

Кыргызстандык талдоочулар Атамбаевдин казак бийлиги боюнча акыркы билдирүүсүнө өзгөчө баам салып, ар кандай жоромолдоп жатышат. Саясий серепчи Эмил Жураев президент Казакстан менен алаканы жакшыртуу, жымсалдоого умтулуп, бирок кайра эле кызуу кандуулукка алдырып жиберди деген ойдо:

- Кандайдыр бир жыйынтык чыгарайын деп аракет кылды окшойт. Бирок өтө көп, чоң нерселерди аралаштырып, бир чети өзүн актап, буга чейин айткандарын түшүндүрүп кетейин деген сыяктуу. Экинчиден, тилекке каршы болочоктогу дагы бир топ чуулгандуу иштердин башын баштап койду.

Дагы бир талдоочу Марс Сариев болсо президент Кыргызстандын ички саясатын жөнгө салуу максатында коңшулар менен мамилени бузуп алды деп ой толгойт. Анын көз карашында, Казакстан менен мамиле убактылуу. Бийлик алмашкандан кийин жаңы жетекчи казак бийлиги менен ымаланы түздөйт:

- Эмоцияга берилди, дипломат эмесмин деп өзү айткандай эле болуп атат. Бирок биз баарыбыз сонун түшүнүп жатабыз. Ички саясат үчүн ошондой деген. Себеби, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Өмүрбек Бабановду кабыл алгандан кийин Сооронбай Жээнбеков өтпөй калат деген коркунуч болгон. Ал 50/50 пайызга баратканда бир жума ичинде рейтингин түшүрүп албадыбы. Кыргызстандын ички саясатын чечиш үчүн казактар менен мамиле бузганга барды. Мына максатына жетпедиби, Жээнбеков шайлоодо алдыга чыкты. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бүгүнкү мамиле ушул өңүттө созула берсе, эки тарапка тең жаман. Орусия да муну токтотууга аракет кылат. Орус тышкы иштер министри биздин ТИМ менен сүйлөшүп жатат. Менимче, Атамбаев сүйлөгөнү менен Жээнбеков Казакстан менен мамилени жакшыртууга аракеттенип, алака калыбына келет.

Казак эксперти: Атамбаев жарым кадам жасады

Мындай пикирин казакстандык Tengrinews.kz агенттигине Казакстандын туңгуч президентинин коруна караштуу Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун тышкы саясат долбоорлору боюнча координатору Аскар Нурша билдирди.

Ал Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин 18-октябрдагы сөздөрүн “кечирим суроо” катары кабыл алууга болобу деген суроого жооп берип, “менимче, Атамбаев туура багыттагы кадам жасады, бирок бул жарым эле кадам, жарым-жартылай кечирим сурап жатып да ал жоопкерчиликти Казакстанга, президенттин айлана-чөйрөсүнө жүктөөгө аракеттенип жатат”,- деп белгилеген.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге биринчи даражадагы “Достык” орденин тапшырып жаткан учуру. 7-ноябрь, 2014-жыл
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге биринчи даражадагы “Достык” орденин тапшырып жаткан учуру. 7-ноябрь, 2014-жыл

Казак саясат тануучусунун көз карашында, Атамбаев кырдаалды жеңилдетүүгө аракеттенди, бирок бул аракети азырынча ишендирерлик эместей көрүнүп турат.

“Балким ал Кыргызстандын өзүндө коомдук пикирдин басымын сезип жатат, себеби кыргыз экономикасы белгилүү бир кыйынчылыктарга кабыла баштады”,- дейт Ак ордого байланышы бар институттун эксперти Аскар Нурша.

Атамбаев президенттик шайлоонун алдында кошуна Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин дарегине эмоционалдуу сын айтып чыккан. Буга казак президентинин Кыргызстандын президенттик кызматына талапкер Өмүрбек Бабановду кабыл алуусу түрткү болгон. Ошондон кийин мамиле кескин салкындап, казак тарап Кыргызстандагы президенттик шайлоого байланыштуу деп, эки өлкө ортосундагы чек ара бекеттериндеги каттамдарды текшерүүнү күчөткөн. Күчөтүлгөн тартип тараптардын ортосундагы соода-сатыкка терс таасирин тийгизип жатат.

Чек аранын жабылышы базарга кандай таасир этти?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG