Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, аталган фонддун жетекчилиги Чүй облусунун Сокулук районундагы «Империал Групп Компани» бут кийим чыгаруучу фабрикасынын атайын долбоорун каржылоо боюнча келишимге кол койду.
Долбоорго ылайык, бул компания кошумча жабдуу жана станокторду сатып алып, атайын адистештирилген жумушчу бут кийимдерди жана аскерлер үчүн бийик кончтуу (берц) ботинкаларды чыгара баштайт.
Долбоордун алкагында фабрика чыгарган бут кийимдер европалык стандарттарга туура келе тургандай сапатта болору жана жеткилитүү баада сатылары кабарланды.
Сокулуктун Новопавловка айылында жайгашкан «Империал Групп Компани» жоопкерчилиги чектелген коому атамекендик бут кийим чыгаруучу биринчи заманбап ишкана болуп саналат. Алар бут кийимдерди тигүүдө италиялык роботтук жана санариптик технологияны пайдаланат. Компания материалдарын Орусия, Италия жана Түркиядан алдырып келет жана буга чейин аялдардын бут кийимин чыгарчу.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду иштеп баштаган 25 ай аралыгында 254 млн АКШ долларын камтыган 780 долбоорду каржылады.
Кыргызстандык аскерлер бут кийимдерди буга чейин Орусия жана башка жактан сатып алчу. (ErN)