Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:54

АКШ Сириядагы комиссиянын мандатын узартууну көздөйт


Уулуу газ болгон деген ракетанын калдыгы. Сирия

АКШ Сириядагы чабуулда уулу газ колдонууну иликтеген комиссиянын ыйгарым укуктарын узартууну талап кылууда.

Вашингтон бул маселени БУУнун Коопсуздук кеңеши тезирээк колго алууга тийиш деп эсептейт. Элчи Никки Хейли комиссиянын ишин узартууну караган резолюцияны сунуш кылганын билдирди. Быйыл апрелде Хан Шейхун деген жерде зарин газынан ондогон киши каза тапкан. Ал окуяны териштирген топ 26-октябрда доклад жасамакчы.

Хейли комиссиянын ноябрдын ортосунда аягына чыгып жаткан мандатын узартуу керек дегени менен, Орусия буга каршы чыгышы ыктымал. БУУнун Башкы Ассамблеясындагы куралсыздандыруу комитетинде Орусиянын делегациясын жетектеген элчи Михаил Ульянов адегенде отчетту угуу зарылдыгын өткөн аптада билдирген.

АКШ жана Батыш өнөктөштөрү апрелдеги чабуулду Сириянын өкмөттүк армиясына таандык учак койгон деп айтышууда. Бирок Москва жана өнөктөшү Дамаск козголоңчу топторду айыптап келет.

XS
SM
MD
LG