Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:57

Бишкекте санитардык нормаларды бузган ишканалар аныкталды


Санитардык нормалардуу бузуу, таштандылардуу туура эмес жерде өртөө учурлары
Санитардык нормалардуу бузуу, таштандылардуу туура эмес жерде өртөө учурлары

Бул тууралуу Бишкек шаарды мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, мэриянын алдындагы санитардык-экологиялык инспекциянын инспекторлору рейд учурунда бир катар санитардык нормаларды сактабаган ишкана-мекемелерди таап, эскертүү берген.

Маселен Жибек Жолу проспектиси менен Буденный көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Ложка” кафеси, ушул эле тараптагы «Боссер» кийим тигүү фабрикасы жана Аламүдүн кичирайонундагы наабайкана антисанитардык тартипте иштеп жатканы, акыр-чикир салынган урна, курулуш калдыктары туура эмес жерлерге коюлганы аныкталган. Аларга жаза чектөө боюнча протокол толтурулуп, Свердлов райондук администрациясынын комиссиясынын кароосуна жөнөтүлдү.

Кезектеги рейддердин биринде Шабдан Баатыр көчөсүндө жайгашкан “Даража Инвест” ишканасы курулуш жана башка калдыктарды өзүнүн короосунда өрттөп жатканы аныкталган. Аларга жаза чектөө чарасын кароо Бишкек шаардык мэриясынын Октябрь райондук администрациялык комиссиясына жөнөтүлдү. (ErN)

XS
SM
MD
LG