Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Мадумаров жеңилген талапкерлерди сындады


Адахаг Мадумаров
Адахаг Мадумаров

Президенттик жарышта үчүнчү орунда келген саясатчы Адахан Мадумаров азыркы бийликке, системага каршы күрөшөрүн билдирди.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын, жарыштан кийинки талапкерлердин үн катпай жатканын кескин сынга алды.

Ал мындай пикирин 19-октябрда өткөргөн маалымат жыйында жарыялады.

- Мамлекетти башкарам деген талапкерлердин ачык айта албаганы, шайлоо бүтөр замат башын кумга салып алганы өкүнүчтүү. Эгер алар ушунчалык деңгээлде суу жүрөктүк менен унчукпас болуп кете турган болсо, шайланбай калганы ырас болуптур деп айткым келет. Мен Темир Сариевге гана телефон чалып “Эмне болду, бул кандай?” деп сурадым. “Мен эмне кылмак элем, колдоочуларымдын саны белгилүү да” деди. Билесиздерби, кечээ эле көп маселелерди чече турган азаматтардын үнү өзгөрүп, башкача болуп калганы көп нерседен кабар берет, - деген Мадумаров азыркы бийликке, системага макул эместерди биригип, күрөшүүгө чакырды жана “Макул эмесмин” аттуу кыймыл түзүшү мүмкүн экенин айтты.

Мадумаров: Талапкерлер башын катып жатканы өкүндүрөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:46 0:00

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча парламенттеги оппозиция пикирин айта алган жок деп сындады:

- Эки фракция өзүн оппозиция деп жарыялаган. Жарыялай беришет. Учкучмун десе эле учкуч болуп калбайт да. Оппозициянын жоктугу кашкайып көрүнүп турат. Бирөө президент, бирөө премьер болом деген кишилер 10 мүнөт регламент боюнча сөз алып өткөн шайлоого баа берип коюшу керек эле.

Адахан Мадумаровдун бийликке каршы күчтөрдү чогултуу аракетин талдоочулар ар кандай божомолдошот. Чынында шайлоодон кийин саясий айдыңда оппозициядагы негизги оюнчулар белгилүү боло элек. Муну эксперттер чоң жарыштан кийинки мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептешет. Оппозициялык маанайдагы саясатчы Равшан Жээнбеков мындан кийин бийликке, системага каршы күрөшкөндөр күчтөнөрүнө ишеним билдирди:

- Эми саясатта башты бириктирүү кыйын. Ошентсе да Мадумаровдун демилгеси жакшы көрүнүш. Башка талапкерлерден айырмаланып өзүнүн көз карашын, аракетин кылып жатат. Калган талапкерлер бийликтин долбоору, ошол жолду улайбыз дегендер болчу.

Мамлекеттик ишмер Абдыганы Эркебаев жакын арада өлкөдө күчтүү оппозиция пайда болбойт деген пикирде. Бирок ошол эле маалда саясий аба ырайыны алдын ала божомолдоо да эртелик кыларын кошумчалады:

- Жакынкы убакытта андай болууга шарт бышып жете элек. Балким, алдыдагы парламенттик шайлоодо болушу мүмкүн. Азыр андай белгилер жок. Менимче оппозициялык күчтүү топ чыгат деген реалдуу эмес. Адахандай өзүнүн дараметин, көз карашын батыл айткандар көрүнбөйт.

19-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо добуш бергендер боюнча кол санактын алдын ала жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, Кыргызстан социал-демократтар партиясы сунуштаган талапкер Сооронбай Жээнбековду добуш бергендердин 54,74 пайызы колдогон.

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду колдоп, добуш бергендердин саны 33,7% түзгөн. Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун алган добушу 6,55%, “Ак шумкар” партиясынын талапкери Темир Сариевдики 2,57% деп эсептелди. Калган талапкерлердин алган добушу 1% жеткен эмес. Ажолукка 11 талапкер ат салышкан.

15-октябрдагы шайлоого 1 млн 692 миң 423 шайлоочу катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 55,93 пайызын түздү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG