Линктер

жума, 19-январь, 2018 Бишкек убактысы 03:40

Сузак райондук аймактык шайлоо участогу № 2118, 2119, 2120, 2126-участоктордо 15-октябрь күнү президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, участкалык шайлоо комиссияларын таркатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы тараткан маалыматта айтылат.

Маалым болгондой мындай чечимге бул шайлоо участокторундагы шайлоочулар менен автоматтык эсептөөчү үкөктөгү бюллетендердин саны дал келбей калган. Ошондуктан, коалициянын байкоочулары бул тилкелердеги шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо өтүнүчү менен кайрылышкан.

БШК азырынча бул боюнча расмий кат келе электигин, бирок төрт участкада добуштар жокко чыккандыгы боюнча кабары бар экенин маалымдады. БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, Сузак райондук аймактык шайлоо комиссиянын протоколу Боршайкомго түшкөндөн кийин гана маселе каралып, акыркы чечим чыгат.

Кыргызстанда 15-октябрда президенттик шайлоо өтүп, жалпысынан 2375 шайлоо участкасы ачылган. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG