Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

Журналист уулуна үй-музей ачкан эне

2007-жылы 24-октябрда журналист Алишер Саиповду Ош шаарында белгисиз кишилер атып кетишкен. Апасы Зайнабхан Саипова баласы үчүн үй-музей ачты.

Курч макалалары менен таанылган Алишер Саипов ал кезде 26 жашта эле.

Алишер 2005-жылы Кыргызстандагы революцияны, ошол эле жылы Өзбекстандын Анжиян шаарында болгон окуяларды эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялап турган.

Алишер Саиповдун ысымы Вашингтондогу Newseum маалымат музейине жазылган. Ал жердеги мемориал дүйнө жүзүндө кызмат учурунда курман болгон журналисттерди эскерүү үчүн ачылган.

Атасы Аваз Саипов баласынын ишин иликтөөдө өзү күч органдары менен тыгыз иштешти. Бирок күйүткө чыдабай, ооруп калды.

16x9 Image

Бексултан Абибакир уулу

"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG