Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:17

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанга жооп кайтарды


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз өкмөтүнүн 100 миллион долларлык жардамдан баш тартуу ниети тууралуу комментарий берди. Бул тууралуу Tengrinews.kz агенттиги Казакстандын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыкты. Анда кыргыз өкмөтүнүн Казакстан менен техникалык көмөк тууралуу келишимди денонсациялоо максатын маалымат каражаттары кабарлап жатканы, бирок Бишкектен расмий билдирүү келе электиги белгиленген. Ошондой эле маселе эки мамлекеттин премьер-министрлеринин 18-октябрдагы жолугушуусунда көтөрүлбөгөнү айтылган.

20-октябрда Кыргызстан ЕАЭБнын алкагында Казакстандан жардам катары бериле турган 100 миллион доллардан баш тартары маалымдалган. Кийинчерээк келишимди денонсациялоо боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев "Азаттык" радиосуна ырастаган. Өкмөт бул кадамын Казакстан тараптан жардам катары берилчү каражатка муктаждык жок деп түшүндүргөн.

Казакстан 2015-жылы Кыргызстандын ЕАЭБге киргенине байланыштуу техникалык регламенттерди жүзөгө ашырууга жардам иретинде 100 миллион доллар берүүгө макул болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG