Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Түркия: полиция сабаган кыргызстандык психикалык ооруканада дарыланууда


Сүрөт интернетте тараган видеодон алынды.
Сүрөт интернетте тараган видеодон алынды.

Түркиянын Анталия шаарында полиция кызматкерлери тарабынан сабалган кыргызстандык аял Аданада психикалык ооруканада дарыланып жатат. Аны сабады деп шектелген эки полиция кызматкеринин бири камакка алынды.

4-октябрда Түркиянын социалдык тармактарына Анталиянын Алания аймагында эки полиция кызматкери жерде жаткан аялды сабап жаткан тасма тарап, катуу талкуу жараткан. Түрк полициясы окуянын чоо-жайын териштирип, иш сотко өтүп, жабык каралган. 40 жаштагы аял кыргызстандык экени, психикалык жактан жабыркап келгени айтылган.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов аялдын туугандары анын абалынан кабардар деп билдирди:

- Атасы менен сүйлөшкөндө кайсыл дары-дармектер керек экенин айтып берди. Анткени атасы өзү догдур болуп, кызынын психикалык жактан оорулуу экенин билет. Биз болгон маалыматтарды түркчө которуп, ал дарыланып жаткан ооруканага берип жибердик.

Түркияда, расмий маалыматтар боюнча, 19 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенишет. Анталия аймагында эле бейрасмий 6000ден ашык кыргызстандык жашайт. (ElB)

XS
SM
MD
LG