Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 12:35

Түркияда кыргыз cтуденттер эл аралык симпозиумга катышууда


Эл аралык студенттер симпозиуму Кония шаарында өтүүдө.

Түркиядагы кыргызстандык студенттер бул симпозиумдун негизги катышуучулары. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, Кыргызстандык студенттер аянтчасынын жетекчиси Эрлан Баянов бул cимпозиумдун максаты тууралуу буларды айтты:

- Түркиядагы чет өлкөлүк студенттердин маселелерин чечүү жолдорун издейбиз. Алардын Түркияга болгон салымын көрсөткүбүз келет. Деги эле студенттер окуусун бүтүрүп өлкөлөрүнө кайтканда мамилелерди кантип сактап калабыз деген темаларда сүйлөшүүлөр өтүп жатат. Буга Түркиядагы тиешелүү мекемелерден расмий өкүлдөр келип колдоо көрсөтүп жатышат.

Симпозиумда кыргызстандык беш студент Түркия менен Кыргызстандын алакасы тууралуу илимий билдирүүлөрдү жасайт. Чет өлкөлүк студенттер өздөрүнүн Түркиядагы маселелерин жана жетишкендиктерин расмий тараптарга түздөн түз жеткире алышат.

2011-жылы Түркияда 21 миңден ашык чет өлкөлүк студент билим алышса, 2017-жылы бул сан 110 миңге жеткен.

Түркияда жалпысынан 183 университет бар. Алардын 118и мамлекеттик, ал эми 65и жеке менчик университеттер. Бул университеттерде 203 өлкөдөн келген чет өлкөлүк студент билим алат. Алардын 3 миңден ашыгы кыргызстандык студенттер. (ElB)

XS
SM
MD
LG