Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 21:22

Пучдемон: Каталония Мадриддин түз башкаруусуна макул болбойт


Каталониянын аймагына кирген Барселона шаарындагы демонстрациялардын бири. 12- октябрь, 2017-жыл.

Каталониянын эли Мадриддин автономияны түз башкарууга өткөрүү аракетине макул болбойт. Бул тууралуу Каталониянын аткаруучу бийлигинин башчысы жана жикчил кыймылдын лидери Карлес Пучдемон билдирди.

Ал аймактык парламентти испан бийлигине жооп даярдоо үчүн чогулууга чакырды. Пучдемон Испания өкмөтүнүн максатын жана премьер-министр Мариано Рахойдун чечимин Каталония элининин суверендүүлүгүнө олуттуу кол салуу деп атады.

Каталония парламентинин жетекчиси Карме Форкадел Испаниянын өкмөтү мамлекеттик төңкөрүшкө аракеттенип жатканын айтып, автономиянын мыйзам чыгаруу органынын, өзүнүн жана 135 депутаттын ыйгарым укуктарын коргоого даярдыгын билдирди. Мадриддин чечимин "Евробиримдикке мүчө мамлекеттин ичиндеги авторитардык төңкөрүш" деп баалады.

21-октябрда Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой Мадрид Каталонияда түз башкаруу ыкмасын киргизип жатканын, аймактык өкмөттүн ыйгарым укуктары толугу менен Испаниянын министрлер кабинетине өтөрүн жарыялаган. Каталония өкмөтү тарап, жаңы шайлоо белгилениши керектигин айткан.

Каталонияда Испаниядан бөлүнүү боюнча референдум 1-октябрда өтүп, анда добуш берүүлөргө катышкандардын 90 пайыздан ашууну аймактын көз карандысыздыгын колдогон. Жергиликтүү бийлик жалпы элдик добуш берүүгө шайлоочулардын 43 пайызы катышты деп билдирген. Мадрид референдумду мыйзамсыз деп жарыялаган. Еврокомиссия да испан өкмөтүнүн позициясын жактаган.

XS
SM
MD
LG