Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

"Рейтер": Жапониядагы шайлоодо бийликтин партиясы алдыга чыкты


Жапониянын премьер-министр Синдзо Абэ.
Жапониянын премьер-министр Синдзо Абэ.

Жапонияда парламенттин төмөнкү палатасына мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. "Рейтер" агенттиги соңку сурамжылоолорго таянып, добуш берүүнүн жыйынтыгында премьер-министр Синдзо Абэнин партиясы башында турган коалиция алдыга чыгышы мүмкүн экенин жазды.

Бул Либерал-демократиялык партия 465 орундан турган төмөнкү палатада 311 орунду алышы мүмкүн.

Абэнин жеңиши ага Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жазылган Жапониянын Конституциясынын айрым беренелерин карап чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Тактап айтканда, жапон куралдуу күчтөрүн чет жактарга жиберүүгө тыюу салган 9-беренени жокко чыгарышы ыктымал.

Жапон премьер-министри тиешелүү чечими менен сентябрдын соңунда парламенттин төмөнкү палатасын таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөрүн жарыялаган. Ал бул чечимин саясий кадыр-баркы өйдө болуп, оппозиция иретсиз абалда турган чакта жарыялаган.

Синдзо Абэ бийликке 2012-жылдын соңунда келген.

XS
SM
MD
LG