Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Ошто молдолордун жүрүм-турум эрежесин иштеп чыгуу сунушталды


"Сулайман-Тоо" мечити
"Сулайман-Тоо" мечити

Ошто мечиттерде иштеген молдолордун жүрүм-турумун тескеген эреже иштеп чыгуу сунушталды. Мындай демилгени дин кызматкерлери 21-октябрда Оштогу "Сулайман-Тоо" мечитинде өткөн жыйында айтышты.

Муфтияттын басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында азан айтуу тартиби, иш кагаздарын жүргүзүү, тазалык маселеси талкууланды. Ушундай жыйын мындан ары эки ай сайын уюштурулмакчы.

Кыргызстанда мечиттердин саны эки миңден ашат. Буга чейин Бишкек жана Ош шаарларында азандын үнүн азайтуу боюнча жарандардан сунуштар түшкөн. Буга алар түнкү жана таңкы убакытта азан үнү балдардын уйкусун бузуп жатканын негиз кылышкан.

XS
SM
MD
LG