Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Сириядагы химиялык курал чабуулуна ким жоопкер экенин аныктоочу инспекторлордун ишин улантуу боюнча резолюция долбоору добушка бүгүн коюлчудай болуп турат.
БУУ жана Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюм биргелешип түзгөн топтун Сириядагы мандатын узартуу боюнча резолюция долбоорун АКШ даярдаган.
Бирок резолюция долбооруна Орусия вето салышы да мүмкүн. Москва кандайдыр бир жаңы чечим кабыл алуудан мурда Сирияда иштеген топтун 26-октябрда жарыялануусу керек болгон отчетун көрүү зарылдыгын билдирген. Эгер узартылбаса, топтун мандаты ноябрь айынын орто ченинде бүтөт.
Быйыл апрель айында Хан-Шейхун деген шаарчада зарин газы колдонулганы үчүн АКШ жана анын өнөктөштөрү Сирия өкмөтүн айыптаган. Вашингтон буга жооп чара катары Сириянын өкмөттүк Шайрат аба базасына канаттуу ракеталар менен сокку да урган болчу.
Президент Башар Асаддын өкмөтү жана аны колдоп келе жаткан Орусия химиялык чабуул үчүн козголоңчул топторду күнөөлөшкөн.
Хан-Шейхундагы химиялык чабуулдан токсондой кишинин өмүрү кыйылган. (UE)