Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Бишкекте курулуп жаткан имараттын урашынан он бир киши жабыркады


Кырсыктан жабыркаган эки адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Тогузу медициналык кароодон өткөн, азыр алардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 23-октябрда Бишкектин Октябрь районундагы Аалы Токомбаев көчөсүндө "Авангард-стиль" курулуш компаниясы салып жаткан имараттын экинчи кабатынын монолити кулап түшкөн.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция мунун чоо-жайын иликтөө боюнча комиссия түздү.

Аталган курулуш компаниясы эки кабат имараттын чатырынын конструкциясы урап калганын, жанында курулуп жаткан көп кабат үйгө анын тиешеси жок деп маалымдады. (NT)

XS
SM
MD
LG