Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Мирзиёев эмки аптада Түркияга барат


 Мирзиёев менен Эрдоган
Мирзиёев менен Эрдоган

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 25-26-октябрда мамлекеттик сапар менен Түркияга барат. Бул анын президент катары түрк жергесине алгачкы сапары.

Өзбек президентинин маалымат кызматы жолугушууларда саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана башка тармактарда өзбек-түрк кызматташтыгын арттыруу талкууланарын билдирди.

Өткөн жылдын ноябрында Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Самаркандга келип кеткен. Бул сапар эки өлкө мамилесиндеги муздун эриши катары бааланган.

Андан бери эки өлкө лидерлери эл аралык башка жыйындар учурунда да жолугушкан.

Эки өлкө мамилеси 1999-жылы Өзбекстандагы жардырууларга шектүүлөр Түркияда жашырынып жүрөт деген кабардан кийин начарлай баштаган. Анкаранын 2005-жылдагы Анжиян окуяларын сындап чыгышы ымаланын дагы солгундашына шарт түзгөн.

XS
SM
MD
LG