Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:07

Никарагуа Париж келишимине кошуларын жарыялады


Зыяндуу газдарды абага таратууну азайтууну көздөгөн Париж келишими 2015-жылы жетишилген
Зыяндуу газдарды абага таратууну азайтууну көздөгөн Париж келишими 2015-жылы жетишилген

Никарагуа 23-октябрда климат боюнча Париж келишимине кошуларын жарыялады. Борбордук Америкадагы бул өлкөнүн вице-президенти жана биринчи айымы Розарио Мурильо тийиштүү документтерди Улуттар Уюмуна жөнөтүшкөнүн билдирди.

"Бул климаттык өзгөрүүгө жана табият кырсыктарына каршы туруудагы аракеттер менен ниеттерди бириктирген дүйнөдөгү жалгыз курал", - деди Мурильо.

Никарагуа 2015-жылы дүйнөнүн 195 өлкөсү кол койгон бул келишимге кирбеген эки өлкөнүн бири. Эми ал кошулса бир гана Сирия сыртта калат. Ошол эле учурда АКШ талаптары аткарылбаса келишимден чыгарын билдирүүдө.

Трамп келишим АКШ экономикасына триллиондогон доллар зыян келтирет, миңдеген жумуш орундары кыскарат, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө караганда мындан Кошмо Штаттары көп зыян тартат деп, каршы болуп келген.

Париж ынтымагында ар бир мамлекет зыяндуу газдардын абага бөлүнүп чыгышын азайтуу милдеттемесин алган. Анын ичинде АКШ 2025-жылга чейин андай газдын абага бөлүнүп чыгарылышын 26-28% кыскартышы керек.

XS
SM
MD
LG