Линктер

ишемби, 20-январь, 2018 Бишкек убактысы 04:50

Эл аралык мелдеште кыргызстандык курсанттар үч күмүш медал алышты


Нурсултан сүрөттө солдон биринчи

Орусиянын Пенза шаарында өткөн V Кичи Олимп оюндары деп аталган эл аралык мелдеште кыргызстандык студенттер үч күмүш медалга ээ болушту.

Мелдештин катышуучусу Нурсултан Кыргызбай уулу билдиргендей, оюндар Пенза мамлекеттик университетинде 3-7-октябрда өттү. Ага 20 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, спорттун 9 түрү боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында, Пенза Аскердик академиясында билим алган кыргызстандык курсанттардан куралган команда волейбол жана жеңил атлетика боюнча (400×4 чуркоо) эстафеталык жарышта экинчи орунду ээлешти.

Ошондой эле гиря көтөрүү боюнча аталган академиянын 3-курсунун курсанты Нурсултан Кыргызбай уулу күмүш медал тагынды. Ал 85 килограммдан жогорку салмактагылар арасында гиряны 86 жолу көтөрүп, 2-орунду багындырды.

Кичи Олимп оюндары - Пенза мамлекеттик университети тарабынан 2013-жылдан бери жыл сайын орусиялык жана чет өлкөлүк студенттер арасында уюштурулуп келет. Мелдештин программасы спорттун бир нече түрүн камтыйт. (ECh)

XS
SM
MD
LG