Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

Исаков менен Сагинтаевдин чек ара сүйлөшүүсү бүгүн да уланат


Сапар Исаков жана Бакытжан Сагинтаев
Сапар Исаков жана Бакытжан Сагинтаев

Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчыларынын сүйлөшүүсү Ереванда 25-октябрда да уланат. Премьер-министрлер Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаев 24-октябрда жолугушкан. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы сүйлөшүүнүн негизин эки тараптуу кызматташуу маселелери түзгөнүн айтты, бирок толук маалымат азырынча жоктугун билдирди. Биринчи күнкү сүйлөшүү жабык өткөн.

Исаков менен Сагинтаев эки өлкө ортосундагы чек арадагы абалдан чыгуунун "Жол картасы" маселесин талкуулашарын Казакстандын "Хабар" агенттиги кабарлаган. Кыргыз тарап мунун бышыктай элек.

Жолугушуу Армения баш калаасында Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйынынын алкагында болууда.

8-октябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев шайлоого аралашып жатат деп казак бийлигин сындаган. 10-октябрдан тарта Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн жана муну Кыргызстандагы президенттик шайлоо менен байланыштырган. Андан бери абал бир жаңсыл чечилбей келүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG