Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Кутурма катталган айылда жолбун иттер атылууда


Жаңы конуштагы иттер. Бишкек
Жаңы конуштагы иттер. Бишкек

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун кутурма катталган Отрадное айылында жолбун иттер атылууда. Эпизоотикалык абал тынч. Бул тууралуу айыл өкмөттүн жайыт комитетинин төрагасы Жекшен Макешов "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Айыл өкмөттөн ветеринарларга он миң сом каралды, профилактикалык жумуштарга, шприц, дары-дармегине, тазалоочу каражаттарга жумшалат. Ал эми аңчылыкка, айыл ичиндеги жолбун иттерди жок кылууга айыл өкмөттөн беш миң сом бөлүндү.

Макешов кутурма чыккан айылдагы мал-жандык дарылоодон өтөрүн кошумчалады. Карантин 12-ноябрга чейин уланат.

10-октябрда Отрадное айылынын үстүндөгү Тасма жайлоосунда Элдияр Дөңкөевдин уйу кутурмага шектелип, союлгандан кийин башы ветеринардык лабораторияга жөнөтүлгөн. 11-октябрда экспертизадан кийин бул диагноз тастыкталып, уйдун эти ветеринардык-санитардык эрежелерге ылайык көмүлгөн. (AsM)

XS
SM
MD
LG