Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:12

Түркияда кармалган сегиз укук коргоочу бошотулду


Германиянын жараны Петер Штойднер (солдо) бошотулгандан кийин.

Түркияда терроризмге айыпталып жаткан сегиз укук коргоочуну Стамбул соту 25-октябрда эркиндикке чыгарды. Алардын арасында Эл аралык мунапыс уюмунун Түркиядагы кеңесесинин жетекчиси, ошондой эле Германия жана Швеция жарандары бар.

Жалпысынан 11 укук коргоочу активистке “башаламандык уюштурууга” аракеттенүү жана “куралдуу террордук уюмга” мүчө болуу айыптары тагылган эле. Дагы эки айыпталуучу сотко чейин бошотулган.

Алар быйыл июлда Стамбулдун сыртындагы аралда санариптик коопсуздук боюнча өткөрүлгөн семинарга катышкандан кийин кармалган. Баары өздөрүнө тагылган айыптарды четке кагып келишти.

Германия укук коргоочуларга козголгон кылмыш ишин “акылга сыйбас", "абсурд" деп атаган. Эл аралык мунапыстын Лондондогу баш кеңсеси активисттер "адам укуктарына ишенгендиги үчүн кармалганын, башка себеп жоктугун" билдирип, аларды бошотууга үндөгөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG