Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Ошто адам сатууга каршы бир жылдык өнөктүк башталат


Иллюстрация
Иллюстрация

Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Ноокат райондорунда жана Ош шаарынын төрт аймактык кеңешинде адам сатууга каршы өнөктүк өтөт.

Быйыл 1-ноябрда башталып, 2018-жылдын октябрына чейин уланчу маалымат жеткирүү өнөктүгүн "Улыбка" коомдук фонду ишке ашырат. Иш-чара "Жарандарды өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгып кетүүнүн алдын алуу” деп аталарын аталган уюмдан кабарлашты.

Өнөктүк алкагында адистер жарандарга миграция боюнча укуктук маалыматтарды тааныштырып, атайын китепчелерди беришет. Адам сатууга кабылгандардын тагдырларын чагылдырган спекталдер коюлат. Кулчулуктун алдын алууга багытталган ролик тартылып ТВга берилет жана соцтармактарга жайылтылат.

Долбоорду АКШнын Кыргызстандагы элчилиги каржылайт. Аны “Улыбка” коомдук фонду жергиликтүү бийликтердин жана журналисттердин жардамында ишке ашырат.

АКШ мамлекеттик департаменти адам сатууга жана кулчулукка каршы күрөш боюнча дүйнөдөгү абал тууралуу 2017-жылдагы отчетунда Кыргызстанды экинчи орунга чыгарып, муну өкмөттүн акыркы жылдардагы алгылыктуу аракеттери менен негиздеген.

Кыргызстан адам сатууга каршы күрөшүү жана мигранттарды мыйзамсыз ташуунун алдын алуу боюнча БУУнун глобалдык программасына Борбор Азия чөлкөмүнөн кошулган жалгыз мамлекет. Расмий маалыматтар боюнча өткөн жылы Кыргызстандын 175 жараны кулчулуктан куткарылган. Алардын тең жарымы кыз-келиндер. (SE)

XS
SM
MD
LG