Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:30

АКШ Конгресси орусиялык фирмалардын тизмесин алды


АКШнын Мамлекеттик департаменти жаңы санкцияларга кабылышы мүмкүн деген орусиялык бир катар компаниялар менен атайын кызматтардын тизмесин Конгресске өткөрүп берди. "Нью-Йорк таймс" гезити ошол тизменин копиясы жана тиркемеси делген документтерди 26-октябрда сайтына чыгарды.

Ага орусиялык алты чалгындоо агенттиктери жана коргоо тармагындагы 33 фирма, анын ичинде Калашников автоматын, Сухой жана Туполев учактарын чыгарган ишканалар, курал-жарак экспорту менен алектенген мамлекеттик "Рособоронэкспорт" компаниясы киргизилген.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Хизер Ноерт бул тизме жакынкы күндөрдө кеңири коомчлуукка жарыяланарын билдирди. Бирок адегенде ошол ишканалар менен кызматташкан америкалык фирмаларга орусиялыктар менен бизнес жүргүзүүнү токтотууга убакыт берилмекчи.

Жаңы санкциялар Орусиянын АКШдагы былтыркы президенттик шайлоого кийлигишкен деген шектенүүлөрдөн улам киргизилүүдө.

XS
SM
MD
LG