Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

Аргентинанын экс-президенти ирандыктарды калкалаганын четке какты


Буэнос-Айрестеги жардыруу. 1994-жыл
Буэнос-Айрестеги жардыруу. 1994-жыл

Аргентинанын мурдагы президенти Кристина Фернандес де Киршнер Буэнос-Айрестеги жардырууга айыпталган ирандыктарды калкалаганын четке какты. 1994-жылы жөөт жамаатынын борборунда болгон кол салуудан 85 киши каза тапкан. Фернандес бул ишти "укуктук абсурд" деп атап, анын артында оппозицияны кугунтуктап жаткан президент Маурицио Макри турат деди.

Экс-мамлекет башчы 2013-жылы Иран менен кол койгон документ ошол жардырууга аралашкан ирандык жогорку расмий адамдардын Аргентинада эмес Иранда соттолуусуна жол ачкан деп айыпталууда. Бул иш боюнча аны менен кошо 14 жардамчысынын күнөөсү каралууда. Федералдык прокурор Херардо Поллицита эл аралык ордер чыгарылган ирандыктарды “жазасыз калтыруу” боюнча “кылмыш планы” бар болчу деп ырастоодо. Иран жетекчилиги менен жетишилген макулдашуу Конституцияга каршы келет деп, күчүнө кирген эмес.

Фернандес меморандум “ишти алга жылдыруу үчүн чабуулга айыпталган ирандыктардын үстүнөн тергөөнү тездетүүнү гана көздөгөнүн” айтты.

64 жаштагы Фернандес мамлекет башчы кызматын 2007-2015-жылдары аркалаган

XS
SM
MD
LG