Линктер

жекшемби, 16-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 09:17

Сирияда согушкан тажикстандык 15 жылга соттолду


Тажикстандын Хатлон облусунун соту Сирияда "Ислам мамлекети" экстремист уюмунун катарында согушкандыгы үчүн жергиликтүү тургунду 15 жылга эркинен ажыратты. Маалыматка караганда, ал терроризмге шектелген адамдардын тизмесинде болчу.

Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча Омонкул Эрназаров 2015-жылы акча табууга Орусияга кетип, ал жактан Сирияга жөнөгөн. Аны милиция кызматкерлери 17-апрелде Түркия аркылуу Сириядан кайтканда кармашкан.

Сотто Эрназаров Алеппо шаарында сегиз ай согушканын, акыркы айларда жихадылардын акчасы түгөнүп, айына 30 доллар гана төлөп калганын айтты. Кийин ал качкындарга кошулуп, Түркияга кеткен. Адвокаты Абдугаффор Саидов Кылмыш кодексине түзөтүүлөрдө чет өлкөлүк куралдуу топтордон өз ыктыяры менен баш тартып, өкүнгөн тажик согушкерлеринин күнөөсүн кечирүү каралганын жүйө келтиргени менен, сот анын өтүнүчүн четке какты. Судья ал берене согуш аракеттерине катышкандарга жайылбасын айтты.

Нью-Йоркто жайгашкан Soufan Group аналитикалык уюмунун маалыматы боюнча Сирия менен Иракта тажикстандык 700дөй согушкер кала берүүдө, көбүнүн тагдыры белгисиз.

XS
SM
MD
LG