Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

CNN: Орусиянын АКШдагы шайлоого ыктымал кийлигишүүсү боюнча айыптар тагылды


Роберт Мюллер
Роберт Мюллер

Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсүн иликтеген атайын прокурор Роберт Мюллер алгачкы айыптарды такты.

Бул тууралуу CNN телеканалы жарыялады. Азырынча айып кимге тагылганы жана кандай беренелердин негизинде экени белгисиз. Телеканалдын маалыматы боюнча бул маалыматтар кийинки дүйшөмбүдө белгилүү болот жана алгачкы айыпталуучулар кармалышы мүмкүн.

Бирок атайын прокурор таккан айыптарды Вашингтондогу сот арачылар колдогон, бул соттук жараян үчүн баштапкы кадам болуп саналат.

Роберт Мюллер 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого орус бийликтеринин катышы боюнча иликтөө жүргүзүп келет. Буга чейин иликтөө алкагында президент Дональд Трамптын шайлоо штабындагы бир нече адам суралган.

Трамп иликтөөнү тезирээк бүткөрүүгө чакырып, өз штабынын Кремлге эч кандай байланышы болбогонун билдирип келет.

XS
SM
MD
LG