Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:04

Саакашвили: Украин бийлиги мени Грузияга өткөрүп бергени жатат


Михаил Саакашвили.
Михаил Саакашвили.

Грузиянын экс-президенти, Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили украин бийлиги аны Грузияга өткөрүп бергени жатканын айтып чыкты. Ал бардык тарапкерлерин 29-октябрда Киевдеги Жогорку Раданын имаратынын алдына чыгып, саясий реформалар үчүн талаптарды кеңейтүүгө чакырды.

17-октябрдан бери Саакашвили түзгөн “Жаңы күчтөр руху” партиясынын тарапкерлери Жогорку Раданын алдында чатырларды тигип, нааразылык акциясын өткөрүүдө. Алар өлкө бийлигинен саясий реформаларды талап кылып жатышат. Анын ичинде депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү, Коррупцияга каршы сот түзүү талаптары бар.

24-октябрда Украина бийликтери Саакашвилиге качкын макамын берүүдөн баш таркан. Ага чейин Киев оппозициячыл саясатчыны украин жарандыгынан ажыраткан эле.

Грузияны 2004-2013-жылдары башкарган Михаил Саакашвилиге мекенинде бир нече берене боюнча кылмыш иши козголгон. Ал шайлоодон жеңилип калган соң жаңы украин бийликтеринин чакыруусу менен бул өлкөгө келип, Одесса облусунун губернаторлугуна дайындалган. Бирок былтыр бул кызматтан өз каалоосу менен кетип, президент Петро Порошенкого оппозицияга өткөн.

XS
SM
MD
LG