Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Кыргыз-казак чек арасында 500дөн ашык автоунаа кезекте турат


28-октябрда чек арада 504 автоунаа кезекте туруп, тыгындын узундугу 12 чакырымды түзгөн.  
28-октябрда чек арада 504 автоунаа кезекте туруп, тыгындын узундугу 12 чакырымды түзгөн.  

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак тилек” өткөрмө бекетинде автоунаалардын казак тарапка өтүүсү дале кыйын болууда. Бул тууралуу Жүк ташуучу айдоочулардын кесиптик кошуунунун төрагасы Дастан Мирякубов билдирди. Анын айтымында, кечээ кечке маал чек арада 504 автоунаа кезекте туруп, тыгындын узундугу 12 чакырымды түздү.

Казакстан 10-октябрдан тарта чек арадагы көзөмөлдү күчөтүп, Кыргызстандын транспорт катнашына чектөө киргизген. Андан бери эки өлкө чегиндеги “Ак жол”, “Ак тилек” жана “Чоң-Капка” бекеттеринде автоунаалар жана жүргүнчүлөрдүн өтүшү кыйындаган.

Кийин жүргүнчүлөр үчүн жол ачылып, бирок жүктөрдү өткөрүү маселеси чечиле элек.

Эки өлкө өкмөттөрү абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бирок мындан майнап чыккан эмес. (BkA)

XS
SM
MD
LG