Пакистандын түндүк-чыгышындагы Пешавар шаарында ооган аткаминерин согушкерлер туткунга алышты. Полициянын маалыматы боюнча, 28-октябрда Ооганстандын Кунар провинциясынын губернаторунун орун басары Мухаммад Наби Ахмади уурдалды.
Ахмади аймактагы Дабгари районунда жүргөн жеринде согушкерлер күч менен алып кетишкен.
Ооган бийликтери Мухаммад Ахмадинин дайынсыз жоголгонун ырасташты. Азырынча согушкерлердин эч бир тобу окуя үчүн жоопкерчилик ала элек. Ооганстан менен чектеш Пешавар аймагында согушкерлердин таасири күчтүү. Ахмединин уурдалышы Ооганстан менен Пакистан бийликтеринин мамилесин дагы начарлатышы мүмкүн.
Расмий Кабул Пакистан бийликтерин талиптерге каршы күрөшпөйт деп күнөөлөп келет.