Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

Ооган бийлиги БУУну "Талибанга" каршы санкция киргизүүгө чакырды


Кабулда жанкечти жардыруу жасаган жер. 29-сентябрь, 2017-жыл.
Кабулда жанкечти жардыруу жасаган жер. 29-сентябрь, 2017-жыл.

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине багытталган кайрылууну Ооганстандын башкы аткаруучусу Абдулла Абдулла жасады. Анын билдиргенине караганда, БУУнун Коопсуздук кеңеши Ооганстанды “талкалаганы” үчүн "Талибандын" жетекчилигине санкция киргизип, аларды “террорчуларга” теңеши керек.

Бул кадамдын алкагында, "Талибан" жетекчилигинин кыймыл-аракетине чектөө киргизип, алардын каржы булактарын да кыркышы абзел.

"Талибан" жетекчилиги Пакистандын Ооганстан менен чек арага жакын Кветта шаарында жайгашканы айтылып жүрөт.

Тынчтык сүйлөшүүлөрүнө салым кошот деген жүйөдөн улам АКШ жана башка дүйнө державалары "Талибанды" террордук уюм катары расмий таануудан карманып келүүдө. Аны менен үсүл-кесил сүйлөшүүлөр жүргөнү менен олуттуу жылыш боло элек.

Акыркы айларда "Талибан" Кабулдагы өкмөткө каршы кол салууларын күчөттү. (UE)

XS
SM
MD
LG