Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Кыргыз-кытай консулдары жүк ташуучулардын дооматы боюнча сүйлөштү


Кыргызстандык жүк ташуучу айдоочулардын дооматы тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа менен 30-октябрдагы жолугушуу учурунда сүйлөштү.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукееванын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, жолугушууда тараптар жакынкы күндөрү министрликтин консулдук департаменти жана Кытай элчилигинин консулдук бөлүмүнүн өкүлдөрү бул маселени чогуу отуруп, чечүүнү макулдашкан.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кытай элчиси Сяо Цинхуаны Компартиянын 19-съездин ийгиликтүү өткөрүп алуусу менен куттуктады.
Жолугушууда тараптар мындан тышкары кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча да пикир алышты.

Кыргызстанга Кытайдан жүк ташыган 3 миңдей оор жүк ташуучу унаанын айдоочулары ал жакка виза алуу татаалдашып кеткенине нааразылыгын билдиришкен.

2017-жылдын 1-январынан тарта Кытай чет мамлекеттик, анын ичинде кыргызстандык жарандарга да виза берүү тартибин катаалдаткан. Ага чейин Кыргызстандын жарандары Кытайга жеңилдетилген виза алышчу.

2016-жылдын 31-августунда Кытайдын Бишкекте жайгашкан элчилигине террордук чабуул жасалып, автоунаа менен кирип барган жанкечти өзүн жардырган. Бул окуя Кытайга виза алуу маселесинин татаалдашына себеп катары айтылып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG