Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Өз жанын кыйды деген келиндин күйөөсү эки айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баткенде 20 жаштагы келиндин өлүмүнө шектүү деп күйөөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 27-октябрда Кадамжайда болгон. Үй-бүлөлүк чырдан кийин келин уксус ичип алып, оор абалда ооруканага жеткирилген, бирок доктурлар аны сактап кала алышкан жок.

Маркумдун 31 жаштагы күйөөсүнө карата Кылмыш кодексинин “өз өмүрүнө кол салууга чейин жеткирүү” беренесинин негизинде иш козголуп, ал эки айга тергөө абагына камалды.

Укук коргоочулардын айтымында, аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулуктун күчөшүнө көп учурда социалдык абалдын начардыгы, билимсиздик жана турмушка даярдыктын жетишсиздиги себеп болот. (JsA)

XS
SM
MD
LG