Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:26

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети вице-спикерлик кызматка КСДП фракциясынан депутат Асел Кодуранованын талапкерлигин жактырды.

Депутат Асел Кодуранова ушу тапта аталган комитетти жетектейт.

Ал эми спикердин мурдагы орун басары, "Кыргызстан" фракциясынан депутат Данияр Төлөнов өткөн аптада өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Эл өкүлү бул кадамын «Кыргызстан» фракциясынын дагы бир өкүлү Дастанбек Жумабековдун парламент спикери болуп шайланышы менен байланыштырган.

Парламенттин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков 25-октябрда отставкага кетип, ордуна депуттардын көпчүлүк добушу менен Дастан Жумабеков шайланган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG